• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кыргыздар Москвада шайлоолордун тагдырын чечип калыштыбы?

31 Жалган куран 20190:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.03.2019.Govori.TV.

Интернетте Алексей Навальныйдын «ЭХО Москвы» радиосуна берген маегинин үзүндүсү талкууга түштү. Анда ал Россиядагы шайлоолордун жыйынтыгына таасир бере турган 400миң кыргыз тууралуу аткан.

«Бийлик шайлоого азыртадан эле кам көрө башталганын байкасак болот. Электрондук шайлоо жана Москвада убактылуу каттоосу барлар да шайлоого катыша ала тургандай кылуу аракеттери көрүлүүдө. Бул деген мындайча айтканда Москвада жашаган убактылуу Россия жарандыгын алган 400миң кыргызды автобус менен алып келип шайлоого катыштырып, шайлоо жыйынтыгын өзгөртө алышат. Андан башка жол менен алар шайлоодон жеңишке жетпейт»,-деген ал өз маегинде.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=2230108583910384&id=100007337918529

Ал эми Фейсбук колдонуучулары бул айтылгандар тууралуу, «кыргыздар Москванын шайлоосунун тагдырын чече башташыптыр! Чын эле ошондойбу же коркконго кош көрүнүп жатабы? Кандай болгон күнү да Россиядагы кыргыздар саясий жагынан үйүндөгүдөй эле активдүү болоруна эч шек жок!»,- деген билдирүүлөрүн калтырышкан.

Эске салсак, 42 жаштагы активист 2011-жылдан бери бийликке каршы көчө акцияларын уюштуруп келатат. «Бийлик менен макулдашылбаган акцияларды өткөргөн» деген айып менен ал бир нече жолу кыска мөөнөткө камалып чыккан.

Количество просмотров: 18