• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргыздар Ургантты кечирим суратышабы?

2 Бугу 2020 21:49 Бишкек Govori.TV

Орусиялык теле алып баруучу Иван Ургант өзүнүн “Вечерний Ургант” көрсөтүүсү аркылуу Москвадагы кыргыздар тууралуу тамаша айтты.

Ал соңку көрсөтүүлөрүнүн биринин баш жагында “Союз мультфильм” Японияга колдонуу укугу берилген “Чебурашканын” образын кайра кайтарууну көздөп жатканын айтты.

https://twitter.com/umay_arykova/status/1256186912706121728?s=20

“Союз мультфильм мындан 15 жыл мурун Японияга колдонуу укугу берилген “Чебурашканын” образын кайтарууну максат кылууда. Ал эми Япония тарап образды 2023-жылга чейин колдонуу тууралуу укугу бар экенин айтууда. Азыр “Чебурашка” боюнча соодалашуу жүрүп жатат. Япония “Чебурашканы” бизге кайтарышы мүмкүн, бирок, биз ордуна башка бир нерсе бериш керек. Алар Курил аралдарын сурашы мүмкүн, бирок, биз аны бере албайбыз. Ордуна башка алмашууну сунуштайбыз. Япониялыктар силер бизге “Чебурашканы” бергиле, а биз силерге Москвадагы япон ресторандарында иштеген бардык официанттарды беребиз. Мындай жол менен биз 2 сооп иш жасайбыз: “Чебурашканы” мекенине кайтарабыз жана кыргыз элинин жарымы акыры Токиону көрөт”,-деди Ургант.

Анын бул көрсөтүүсүнөн кийин тамашасы орунсуз болуп калганын айтып, социалдык түйүндүн колдонуучулары нааразы пикирлерин айтышууда.

Эске салсак, буга чейин орусиялык дагы бир белгилүү теле алып баруучу Андрей Малахов кыргыздар тууралуу пикир айтып, кийин кайра кечирим сураган.

Количество просмотров: 4089