• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Кыргыздын калпагын тепкен блогер кечирим сурады (видео)

29 Тогуздун айы 2021 9:08 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда орусиялык футболчу жана блогер Даниил Крапивниковдун кыргыздын улуттук баш кийими болгон калпакты тепкен видеосу тарап, кызуу талкууга алынды.

Тасмада блогер эшиктен кирип келип, манекендеги калпакты тепкен. Интернет колдонуучулар Крапивниковдун мындай жоругун сындап, кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылышты.

Ал эми Даниил Крапивников социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, калпак кыргыз элинин улуттук баш кийими экендиги тууралуу кабары жок болгонун айтты.

«Урматтуу Кыргызстандыктар! Жосунсуз ишим үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайм. Сиздердин улуттук баш кийимиңиз экенин билбегендиктен ушундай кылдым. Мен билем, бул мени актабайт. Бирок мен кыргыз элин абдан сыйлайм. Бул эч качан кайталанбайт деп убада берем. Дагы бир жолу сиздерден чын жүрөктөн кечирим сурайм», — деди ал.

Количество просмотров: 876