• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстан эттин адал паркын курууну көздөөдө

12 Теке 2019 13:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.07.2019.Govori.TV

Кыргызстан эттин адал паркын курууну көздөөдө. Экономика министрлиги анын техникалык экономикалык аныктамасын (ТЭО) Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын грантынын эсебинен жасоону көздөп жатат

Буга байланыштуу макулдашуу ушул жылдын апрель айында жетишилген. Аталган министрлик аны ратификациядан өткөрүү үчүн Жогорку Кеңешке жөнөттү. Документте донор уюмдар техникалык жардам үчүн 380 миң доллар бөлөрү көрсөтүлгөн.

Адал-парк куруунун ТЭОсуна малды багуудан баштап даяр өнүмдү таңгактоого чейин — уюштуруу иштери кириши керек.

Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстанда этти кайра иштетүү боюнча 296 субъект катталган. Алардын 90% кичи-ишканалар. Мындан сырткары санитардык нормаларга жооп бербеген мал союп саткан чакан цехтер иш алып барат.

Буга чейин Экономика министрлигинде адал индустриясын жөндөө бөлүмү ишке кирген.

«Халал» деген белгиде өндүрүлгөн адал азык-түлүктөргө коомчулукта ар кыл көз караштар бар. Акыркы учурларда ушундай белгиси бар мейманканалар жана таксилер да пайда болду.

Количество просмотров: 18