• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сейил бакка зар болгон ак-өргөлүктөр…

28 Кулжа 2021 14:53 Бишкек Govori.TV

1980-жылдардын аягында Бишкектин тегерегинде жаңы конуштар пайда боло баштады. Алгачкы конуштарынын бири Ак-Өргө эле. Бүгүнкү күндө ал жаңы конушта дээрлик бош жер калган жок. Бир тилкеден башкасы.

Ушул жылдын башында шаардын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Ак-Өргө жаны конуштун тургундарына, 1,6 гектар аянтта сейил бак курулат деп убада кылган болчу.

Бирок ушул жазда Балбак Түлөбаев борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кетип калды. Сейил бактын салына турган планы азыр кайсы баскычта экендигин, Бишкек шаарынын башкы архитектурасы билиши керек сыягы.

Бирок атайын реестринде айтылган тилкелерди изилдеп көрсөк, кызыктуу маалыматтарды таба алабыз. Ахунбаевден Гагаринге чейинки аралыкта, Башкы планда көп кабаттуу имараттар — 45, 49 жана 51 — турак эмес жай үчүн деп көрсөтүлгөн.

2006-жылы Бишкектин башкы планы кабыл алынып, ага ылайык, бул аянт толугу менен көп кабаттуу үйлөргө бөлүнүп берилгенден кийин, мэрия эмнегедирр мечит куруу үчүн коомдук уюмга 45-участокту берип салган. Максаты «турак эмес жайлар» деп көрсөтүлөт. Бул болсо борбордун Башкы планына каршы келет.

Бирок ошол эле Жер кадастрдын картасын карап көрсөк, мэрия жашыл аймак деп жаткан жерде мектеп жана башка имараттар курулгандыгын даана көрүүгө болот.

2006-жылдын Башкы планына ылайык, Ак-Корго жаны конушундагы жашыл аймак Гагаринден Лущихинге чейин болушу керек эле.

Биз көрүп жаткандай бош орун калган жок. 84-мектеп менен катар, бул аймак толугу менен турак үйлөр менен курулган. Ошондуктан бул жерде сейил бактын пайда болушу күмөндүү.

Башкы план менен Жер кадастрдын маалыматтары бири-бирине карама-каршы келип калганы кандайча болуп калды? Жана бул жерде имараттар курулганы канчалык мыйзамдуу?

Бүгүнкү күндө Ак-Өргө жаңы конушуна мектептер, бала бакчалар жана бейтапкан курулду. Көпчүлүк үйлөрдүн жашоочулары «Кызыл китептерди» алышты. Чындыгында, бул жаны конуш борбордун толук кандуу бөлүгү болуп калган.

Калктын мындай жыш жашаганынан байланыштуу шаар курулушунун бардык стандарттарына ылайык, «Ак-Өргөнүн» жашоочулары өзүнүн сейил багына өтө муктаж, анткени бул жерде экологиялык кырдаал өтө оор.

“Ак-Өргө” жаны конушу 30 жыл муруун түптүлгөндөн баштап, көпчүлүк жашыл аймактар  мыйзамсыз сатылып кеткен. Эгерде бул жолу борбор калаанын аткаминерлери элдин кызыкчылыгын ойлосо, анда жергиликтүү тургундарга өтө керек болгон сейил бак пайда болот.

Количество просмотров: 220