• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Кыргызстан» фракциясы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына үч талапкерди карап жатат

15 Тогуздун айы 2018 18:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.10.2018. Govori.TV
«Кыргызстан» парламенттик фракциясынан эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин ордуна үч талапкер бар. Бул тууралуу депутат Салайдин Айдаров билдирди.
“Анын айтымында, аталган кызматка үч талапкер каралып жатат,бирок азырынча алардын атын атоону көрбөй турам. Бул маселе боюнча фракциянын жыйыны ушул жумада болот. Андан соң бары белгилүү болот”,-дейт эл өкүлү.
Эске салсак, министр Таалайгүл Исакунова ушул жылдын 11 октябрында ээлеген кызматынан бошотулган. Өкмөттүн берген маалыматына караганда ал өз каалаоосу менен кызматтан кеткен.
Андан сырткары, анын орун басарлары да кызматынан четтетилген. Алардын кетишине чет өлкөгө жасаган саякаттары себеп болгон.
Количество просмотров: 25