• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстан Өзбекстанга картошка экспорттой баштады

2 Жетинин айы 2018 13:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.11.2018. Govori.TV
Кыргызстан Өзбекстанга картошка жеткире баштады. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин баса сөз кызматы билдирет.
Октябрь айынын орто ченинде эки өлкөнүн министрлигинин өкүлдөрү Ташкент шаарында болгон жолугушууда, Өзбекстанга картошканы экспорттоо боюнча маселе каралган. Өзбекстан тарап Кыргызстандан картошканы алып келүү үчүн 17 фирманын тизмесин бекитип, айтылган фирмалар аркылуу картошка сатып аларын билдирген.
Учурда ушул фирмалар менен кыргызстандык ишкерлер келишимдерди түзүү жана картошканы экспорттоо жагы каралууда.
Эки тараптуу жолугушуудан кийин Ысык-Көл облусунда “Наманган универсал Савдо-Инвест” фирмасы аркылуу Өзбекстанга картошка чыгаруу үчүн жеке ишкер Д. Мусабаева менен 2 миң тоннага келишим түзүлүп, бүгүнкү күндө 66 тонна картошка жөнөтүлдү.
Количество просмотров: 35