Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сауд Аравия курамасына каршы Азия Кубогундагы экинчи оюнун өткөрдү.
Оюн 2:0 эсебинде Сауд Аравиянын курамасынын пайдасына чечилди.
Беттеш Доха шаарындагы 45 миңден ашуун көрүүчү үчүн ылайыкталган «Ахмад бин Али» стадионунда өттү.
Оюн учурунда Кыргызстандын улуттук курамасы экинчи кызыл айып кагазын алды.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курамасы 16-январда 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы алгачкы беттешин Таиландга каршы өткөрүп, 1:0 эсебинде утулуп калган.