• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстан Иран менен авиакаттамдарын коронавируска байланыштуу убактылуу токтотту

12 Жалган куран 2020 19:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Иран менен авиакаттамдарын коронавируска байланыштуу убактылуу токтотту. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Транспорт министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, бирок, ошого карабастан жарандар башка авиакомпаниялар аркылуу келишүүдө. “Аэрофлот, түрк аба каттамдары сыяктуу чоң компаниялар каттамдарын толугу менен токтоткон жок, алар чектөө гана киргизди. Биздин жарандар азыркы убакта ошол авиакомпаниялар аркылуу келишүүдө”,- деп билдирди Акышев.

Количество просмотров: 98