Кыргызстан күз-кыш мезгилине 12,1 млрд килоВатт/саат электр энергиясын иштеп чыгат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Министрдин айтымында, анын 90%ы гидро-электр станциялардан, калганы Жылуулук электр борборунан өндүрүлөт.
«Анын ичинен 11,9 млрд кВт/сааты 1-ноябрга чейин өндүрүлүп чыкты, 1,9 млрд кВт/саат Жылуулук электр борборунан өндүрүлөт. ЖЭБге 2023-2024-жылга карата 650 миң тонна көмүр ташып келүү пландаштырылган. Казакстандын “Гефес” компаниясы менен 550 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча келишим түзгөнбүз. Бүгүнкү күнгө карата көмүр графикке ылайык ташылып келүүдө, кечигүүлөр жок», — деди ал.
Мындан тышкары, министр ата мекендик Кара-Кече көмүр кенинен жана Таш-Көмүр кенинен 50 тонна көмүр ташып келүү каралганын кошумчалады.