• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстан Казакстанга гуманитардык жардам жөнөттү

7 Чын куран 2024 9:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Казакстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Суу каптоодон жабыркаган казак боордошторго Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жардам көрсөтүүнү демилгелеген.

Аны жеткирүү вазыйпасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлүп, 15 оор жүк ташуучу унааны ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов баштаган куткаруучулар коштоп барган.

Жабыркаган казак элине күрүч, кумшекер, тез даярдалуучу кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр жылыткычтары, матрац жана чатырлар жеткирилет.

Количество просмотров: 82