• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстан кышында 2,7 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттоону пландоодо

28 Теке 2022 9:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан быйыл кышында 2,7 миллиард кВт/саат электр энергиясын импорттоону пландап жатат. Бул тууралуу 27-июлда энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычында 12 миллиард 802 куб метр суу топтолду.

«Күз-кыш мезгилине карата 13,5 миллиард куб метр суу топтойбуз деп ойлойм – бул өтө пессимисттик божомол. Импорттоло турган 2,7 милллиард кВт/саат электр энергиясын эске алып эсептесек кыштан чыгабыз. Жабдуулардын эскиргенине байланыштуу авариялык учурлар катталышы мүмкүн, бирок маал-маалы менен өчүрүү болбойт», – деди министр.

Кыргызстан жылына 15 миллиард кВт/саатка жакын электр энергиясын керектейт. Бул көрсөткүч ар жыл сайын 4-5% көбөйүп турат. Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө үчүн өлкө бийлиги 2021-жылы алмашуу жолу менен 2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттогон.

Макулдашууга ылайык, 2021-жылдын март айынан ноябрына чейин Казакстан Кыргызстанга 900 млн кВт/саат, Өзбекстан 2021-жылдын мартынан 2022-жылдын апрелине чейин 750 миллион кВт/саат электр энергиясын бериши керек болчу. Кыргызстан жалпысынан коңшуларынан 1 миллиард 650 млн кВт/саат электр кубатын алууну макулдашып, аны 2023-жылга чейин жайкысын кайтарып берүү милдеттенмесин алган.

Мындан тышкары Кыргызстан Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан да электр энергиясын импорттогон. Жалпысынан бул өлкөдөн август айынан декабрга чейин 501 кВт/саат сатып алуу пландалган.

Количество просмотров: 108