• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кыргызстан менен Чеченстандын муфтийлери экстремизмге каршы кызматташат

1 Чын куран 201910:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.04.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен Чеченстандын муфтийи Салах-Хаджи Межиев Грозный шаарында жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Эл аралык «Ислам мээримдүүлүктүн жана тынчтыктын дини» конференциясынын алкагында өттү. Анда чечен муфтийи кыргыз элине 1944-жылдары көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн Дин башкармалыгы ортосундагы кызматташууну бекемдөө жаатында пикир алышты.

Ал эми муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы кызматташууга даяр экенин билдирди. Маалыматка ылайык, мындан тышкары тараптар салттуу Исламды жайылтууда жана экстремизмдин, терроризмдин алдын алууда тыгыз байланышта иш алып барууну да талкуулашты.

Эл аралык «Ислам мээримдүүлүктүн жана тынчтыктын дини» конференциясы 28-мартта Москвада башталган. Ага 43-мамлекеттен 250 делегат чакырылган. Жыйын 30-мартта Чеченстандын борбору Грозный шаарында ишин аяктады. 

Количество просмотров: 14