Бишкек.12.07.2019.Govori.TV.
Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин Кыргызстандагы расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кол коюлган документтер:
— «Элет Агрохолдинг» жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) жана «Continental Agro Trade» жоопкерчилиги чектелген шериктештиги (ЖЧШ) ортосундагы айыл чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
— «Хайтун» ЖЧК жана «Continental Agro Trade» ЖЧШ ортосундагы айыл чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
— «Дордой базары» ЖЧК жана «Continental Agro Trade» ЖЧШ ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
— «KazakhExport» ААК, «Engineering Group» ЖЧШ жана «Глобал Жамгыр Майнинг» ЖШКнын ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим (экспорттук жеткирүүлөрдү камсыздандыруу);
— «ДАМУ» ишкердикти өнүктүрүү фонду» АК менен «Кепилдик фонду» ААК ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
— Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуу жана салык башкаруу иш-аракеттер планы;
— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги менен Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин ортосундагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
— VIII кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин протоколу;
— 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол.