• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапаров эсепти ачып… Кыргызстан менен КМШ беттешинин биринчи таймы аяктады

30 Баш оона 2022 20:43 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин футболдук беттеши өтүүдө.

Өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш борбор калаадагы Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда жүрүп жатат.

Оюндун 5-мүнөтүндө Кыргызстандын курамасынын чабуулчусу Садыр Жапаров гол киргизип, эсепти ачты. Ал эми 26-мүнөтүндө КМШнын оюнчусу Никита Баженов эсепти 1:1ге өзгөрткөнгө жетишти. Биринчи тайм тең чыгуу менен аяктады.

Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин оюну 30 мүнөттөн эки таймда өтүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасынын катарында президент Садыр Жапаров оюн көрсөтүүдө.

Количество просмотров: 283