• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстан менен КМШ футбол ардагерлеринин беттешинде Жапаров ойнойт

29 Баш оона 2022 15:49 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын курамында КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасы менен беттешет. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш 30-августта борбор калаадагы Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, 18:00дө башталат. Футболдук беттештин өзү 20:00дө башталат.

КМШ өлкөлөрүнөн келген футболдун ардагерлеринин командасында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар бар.

Кыргызстандын футбол боюнча ардагерлеринин курамасында: Владимир Орешин, Закир Джалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар. Команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов.

Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Количество просмотров: 608