Кыргызстан менен Палестинанын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Рияд Аль-Малики жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу келишимдерге кол койду.
Тизме:
Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги менен Палестинанын “WAFA” мамлекеттик маалымат агенттигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө” келишим;
“Маданият чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө” келишим;
“Айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө” келишим;
“Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө” келишим;
Жолугушуунун протоколу.
Эскерте кетсек, Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Малики Кыргызстанга расмий иш сапары менен күн мурун, 27-августта келген. Кечээ Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Маликини Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кабыл алган.
Ал эми бүгүн, 28-августт «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан жана Палестинанын тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.