12-июлдан 17-июлга чейин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.
Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.
«Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайда өттү», — деп айтылат маалыматта.
Бирок Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы протолдо эмнелерге кол коюлганын жарыялаган жок.