Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү чек ара тилкесине жакын Баткен облусунун Кара-Бак калктуу конушунда жумушчу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Тараптар анда 2020-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарып, 2021-жылга карата өз ара аракеттешүүнүн планын макулдашты. Андан ары чек ара бөлүктөрүнүн башчылары үчүн жоокерлердин сапка турушу боюнча биргелешкен машыгуулар өткөрүлдү.
Чек ара бөлүмдөрүнүн жетекчилери такталбаган тилкелерде чогуу кайгуул жүргүзүү милдеттерин тактап алышты. Эки мамлекеттин аскер кызматчыларына чек ара аймактарындагы тургундарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.