Кыргызстан менен Өзбекстан соттолгон жарандарын бири — бирине өткөрүп берет. Тиешелүү келишимге 18-июлда эки өлкөнүн башкы прокурорлору Ташкентте кол коюшту. Соттолгондор абактагы калган жаза мөөнөтүн өз өлкөсүндө өтөйт.
Башкы прокуратура маалымдагандай, бул документ президент Садыр Жапаровдун кошуна өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарыны алкагында кабыл алынды. Бирок, соттолгон жарандарды алмашуу качан башталаары белгисиз.