• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан — Мьянма беттешинин экинчи таймы башталды

11 Кулжа 202222:08 Бишкек Govori.TV

Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан — Мьянма курама командаларынын беттешинин экинчи таймы башталды.

Оюн талаасында кыргызстандыктар артыкчылык кылып, биринчи таймда кыргызстандык чабуулчу Виктор Майер Мьянманын дарбазасына 2 гол сокту.

Кошумчалай кетсек, 8-июнда Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндары башталды. Азия кубогуна жолдомо үчүн Кыргызстан F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойнойт. Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт. Кыргызстан биринчи беттешинде Сингапурду 2:1 эсебинде жеңген болчу.

Количество просмотров: 278