• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстан насыяларды кандай шарт менен алып жаткандыгы билинди

11 Чын куран 2020 17:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан насыяларды кандай шарт менен алып жаткандыгы тууралуу финансы министри Бактыгуль Жеенбаева айтып берди.

Эл аралык валюта фондунун ресурстары боюнча карызды тындыруу мөөнөтү – 10 жыл, Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунуку – 20 жыл, Азия өнүктүрүү банкыныкы – 32 жыл, ал эми Дүйнөлүк банктыкы – 38 жыл.

«Жогоруда белгилеп өткөндөй, ресурстардын пайыздык чендери да республикабыз үчүн алгылыктуу. Мисалы, Эл аралык валюта фондунун ресурстары 0,7 пайыздык чен менен берилсе, Дүйнөлүк банктыкы –0,75 пайыздык чен менен, Азия өнүктүрүү банкыныкы – 1 пайызга чейинки чен менен берилет. Ошол эле убакта берилген кредиттердин шарттарында ар кандай жеңилдетилген мөөнөттөр бар», — деди министр.

Анын айтыманда, каржылоо төмөнкүдөй үч багыт боюнча тартылууда:
– бюджетти колдоо;
– COVID-19 менен күрөшүү үчүн каражаттар;
– бизнести колдоо үчүн каражаттар.

«Кредиттердин бир бөлүгү экономиканын приоритеттүү тармактарын өнүктүрүүгө, айыл чарбасына, суу менен жабдууга, энергетикага жана келечекте экономикалык өсүшкө өбөлгө түзө турган инфраструктуралык долбоорлорго жумшалат. Белгилей кетсек, кредиттердин дагы бир бөлүгү чакан жана орто бизнести, фермерлерди жана айылдык ишкерлерди колдоого жумшалат», — деп кошумчалады Б.Жеенбаева.

Количество просмотров: 2027