• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Кыргызстан-Оман беттеши. Бишкекте күйөрмандар үчүн фан-зона уюштурулат

24 Үчтүн айы 202413:18 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 25-январда Оман курамасына каршы оюн өткөрөт. Бул улуттук кураманын 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы үчүнчү беттеши.

Оюн Доха шаарындагы Абдулах бин Халиф стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө старт алат.

Кыргыз футбол союзунан Бишкекте күйөрмандар үчүн атайын фан-зона уюштуруларын билдиришти. «Ак шумкарлардын» оюнун чоң экрандан көрүп, сүрөйм дегендер «Азия Молл» соода борборунун 3-кабатына келишсе болот.

Беттешке бир саат калганда атайын оюн-зоок программасы өтүп, күйөрмандар арасында белектер ойнотулат.

Белгилей кетсек, Азия Кубогунун бардык оюндарынын түз алып берүүлөрү Кыргызстандын аймагында «УТРК Спорт» каналында жеткиликтүү болот.

Количество просмотров: 260