• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстан Палестинага гуманитардык жардам жеткирет

28 Жетинин айы 2023 17:44 Бишкек Govori.TV

 Жакынкы күндөрү президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Палестинага 5 тонна гуманитардык жардам жеткирилет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министр Бообек Ажикеев Палестинанын Жарандык коргонуу башкы директаратынын башчысы Алабед Ибрагим Абдул Салам Халил менен байланышты.

Сүйлөшүүдө министр кыргызстандыктар Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске терең кайгыруу менен көз салып жатканын жана тез аранын ичинде тараптардын согуштук аракеттерди токтотуп, сүйлөшүүлөргө бара тургандыгынан үмүттөнүп жатканын баса белгиледи. Андан соң Газа тилкесиндеги жабыр тарткан калкка эң зарыл болуп жаткан гуманитардык жардам тууралуу талкуулашты.

Өз кезегинде палестиналык кесиптеши ыраазычылык билдирүү менен качкындардын лагеринде дары-дармек, суу, тамак-аш тартыш болуп жатканын билдирди. Ал эми министр Бообек Ажикеев бара турган гумжардамды топтоодо айтылгандар эске алынарын айтып, аймакта тез арада тынчтык орношун каалады.

Количество просмотров: 83