• Жума 30 Тогуздун айы 2020

«Кыргызстан» партиясы Бишкектин административдик сотуна арыз жазды

27 августа 2020 в 9:25 Бишкек Govori.TV

«Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгарган чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз жазды. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Талант Мамытов билдирди.

“Арыз 26-августта жазылган. Мыйзам боюнча иш үч күндүн ичинде каралышы керек”,-деди Мамытов.

Эске салсак, 24-августта БШК «Кыргызстан» партиясы шарттарды бузган деген жүйө менен аталган саясий партиянын документтерин артка кайтарып берген.

Количество просмотров: 124