• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Кыргызстан» партиясынын чуусу: Сот БШКнын чечимин жокко чыгарды

27 Баш оона 2020 19:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-августта Бишкектин административдик сотунда «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы арызы каралып, сот БШКнын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу «Кыргызстан» партиясынын өкүлү Талант Мамытов журналисттерге билдирди.

Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын доо-арызын карап чыгып, аны толугу менен канаттандырды. Ал эми БШКнын чечими жокко чыгарылды. Демек биз шайлоого катышабыз»,-деди Мамытов.

Эске салсак, БШК 25-августта «Кыргызстан» партиясы «шарттарды бузган» деген негиз менен анын документтерин артка кайтарган. 26-августта «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген.

Количество просмотров: 312