• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Кыргызстан» партиясынын документтерин кайтаруу сунушталды

25 Баш оона 2020 17:20 Бишкек Govori.TV

БШКнын документтерди кабыл алуу боюнча тобу тартип бузганы үчүн «Кыргызстан» партиясына документтерин кайтарууну сунуштады. Мындай чечимди документтерди кабыл алуу боюнча топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов 25-августтагы комиссиянын жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, мындай чечим тиешелүү документтерди партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келбегени менен байланыштуу. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйын саясий партиялардын БШКга тапшырган документтерине байланыштуу өтүп жатат. Ага партиялардын өкүлдөрү, журналисттер катышууда.

Эске салсак, кечээ, 24-августта саат 18:00гө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына парламенттик шайлоодо ат салыша турган саясий партиялар тиешелүү документтерин тапшырып бүтүшү керек болчу. Бирок БШКнын алдына “Кыргызстан” партиясы документин саат 18:00дөн кеч тапшырды деп нааразы болгон тараптар чогулуп, БШК өкүлдөрү менен жолугушкан. Ортодо БШК аталган партия документти алып келгендеги убакытты эртелетип оңдоп койгон деген талаш-тартыштар жаралган эле.

Количество просмотров: 142