• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан тик учак чыгара баштады

12 Аяк оона 202413:59 Бишкек Govori.TV

Ата мекендик «Шумкар» компаниясы эки орундуу тик учактарды чыгара баштады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

«Кыргызстанда чыгарылган тик учактар. Учурда сыноодон өтүп, көргөзмөгө чыгарылды. Эки орундуу, 70 литр күйүүчү май менен 600 чакырым аралыкты 3 саатта учуп өтөт. Баасы 60 мин$ доллардан жогору экен. Кыска аралыкта мамлекетибизде унаалар, тик учактарды чыгарган жана башка завод-фабрикалар ачылууда», — деп жазды ал.

Количество просмотров: 116