Эртең футбол боюнча Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында, Кыргызстандын курама командасы Жапониянын футболчулары менен беттешет. Бул күнү Бишкектеги айрым көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет.
Маалыматка караганда, саат 14:00дөн баштап Абдумомунов көчөсүнүн Эркиндик бульварынын Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү, Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейинки көчөлөрдө кыймыл чектелет.
Оюн саат 17:15те башталат. Көрүүчүлөр стадионго 15:15тен баштап киргизиле баштайт.
Эске салсак, 14-ноябрда жана 19-ноябрда Кыргызстандын курама командасы Жапония жана Тажикстандан келген футболчулар менен беттешет.