• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстан – Япония беттешине билеттер сатыла баштады

8 Жетинин айы 2019 10:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан – Япония беттешине билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы (КРФФ) расмий маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, бүткүл дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) кыргыз күйөрманынын бейбаштыгы боюнча маселени кийинкиге калтыргандан соң өлкө Федерация билеттерди сатыкка чыгарган.

Кыргызстан – Япония беттешине 8 күн калганын эске алып, Кыргызстандын футбол федерациясы оюнга кирүү билеттерин сатыкка чыгарды, — деп айтылат КРФФнын маалыматында.

Буга чейин 10-октябрда Кыргызстан – Мьянма беттеши жүрүп жаткан учурда күйөрман футбол талаасына чыгып кеткен. 4-ноябрда ФИФАнын тартип комитети бул маселени карап чечим чыгармак. Дүйнөлүк футбол уюму бул маселени кароону белгисиз күнгө калтырганы айтылат.

Кошумчалай кетсек, 14-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда 2022-Дүйнө чемпионатына жана 2023-Азия Кубогуна тандоо турундагы Кыргызстан – Япония беттеши өтөт.

Количество просмотров: 204