• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстан жыл башынан бери канча алтын экспорттоду?

28 Аяк оона 2023 16:20 Бишкек Govori.TV

Финансы министрлиги Баалуу металлдар департаменти тарабынан 2023-жылдын 9 айында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына ылайы, бул аралыкта төмөнкү заттарды камтыган баалуу металлдарды экспорттоого мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлдү:

— рудаларда, концентраттарда: алтын – 597,82 кг, күмүш – 1345,58 кг;

— куймаларда: алтын – 2 055,98 кг, күмүш – 717,43 кг;

— электрондук платалардын сыныктарында: алтын — 2,26 кг, күмүш — 83,16 кг, платина — 0,18 кг, палладий — 0,49 кг, родий 0,18 кг.

Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгон руда концентраттарынын курамындагы баалуу металлдарга эсептик контроль жүргүзүлдү: алтын — 4622,55 кг, күмүш — 11 082,99 кг;

Импорттолуучу зер буюмдарга мамлекеттик контроль төмөнкүдөй көлөмдө жүргүзүлгөн: алтын — 152,63 кг, күмүш — 1197,87 кг;

Ата мекендик жана импорттук өндүрүштүн сыналган жана фирмалык зер буюмдары жана башка тиричилик буюмдары — 228,6 кг, күмүш — 2981,7 кг;

Продукцияга баалуу металлдардын курамына экспертиза жүргүзүлдү: алтындан — 45,12 кг, күмүштөн — 251,78 кг;

Пробирдик көзөмөл жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү экспертизалык көзөмөл бөлүмү баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу субъекттердин ишине текшерүүлөрдү жүргүздү, анын ичинде:

— пландан тышкаркы 5 текшерүүлөрдүн жыйынтыгында КР мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталып 139,5 миң сом өлчөмүндө айып салынган;

— баалуу металлдар менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча отчет берилбеген мыйзам бузуучуларга 295,0 миң сомдук иштер каралып, айыптык санкциялар колдонулган;

— ишкерлердин пробирка төлөмү жана карызды жабуу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында 3572,96 миң сом өндүрүлдү. Сот органдары аркылуу 3902,8 миң сом өлчөмүндө төлөм мажбурлоо жолу менен өндүрүлгөн.

Количество просмотров: 126