• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кыргызстан зордук жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө конфенцияны ратификациялайт

3 Жалган куран 2023 14:56 Бишкек Govori.TV

Эмгек министрлиги “Эл аралык эмгек уюмунун Эмгек чөйрөсүндө зордук жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө №190 Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документ Koomtalkuu.gov.kg порталында жайгаштырылды.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде эмгек тармагында зомбулук жана асылуу жүрүм-турумдун кабыл алынгыс формалары экени белгиленген.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу – жумушчуларды, өзгөчө аялдарды коргоого түртү берери айылат.

Документ эмгек ишмердүүлүгүнүн бардык тармагында, анын ичинде жеке мекеме-ишканалардын кызматкелерине карата да колдонулат.

Конвенцияда заманбап дүйнөдө, өзгөчө пандемия маалында аралыктан иштөө мүмкүн экени да камтылган.

2019-жылы Эл аралык эмгек уюму зордук-зомбулукту, куугунтуктоону жана асылууну жоюу боюнча конвенция кабыл алган.

Теги:
Количество просмотров: 70