• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Интернеттен таанышкан». Жаш кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн шектүү кармалды

10 Аяк оона 202517:12 Бишкек Govori.TV

Нарын милициясы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо фактысына шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 28-августта Нарын ШИИБге жашы жете элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо фактысы катталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка Нарын шаарынын 1995-жылы туулган С.Х. аттуу тургуну шектүү катары аныкталган. Ал жашы жете элек кыз менен интернет аркылуу таанышып, 28-август күнү сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы такталган.

Аталган факты боюнча 2025-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, С.Х Нарын ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Соттун чечими менен ага карата 4-ноябрга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Количество просмотров: 217