• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Кыргызстанда 1-майдан тарта такси кызматы иштей баштайт

29 Чын куран 202011:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 1-майдан тарта такси кызматы иштей баштайт. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда айтты.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал режимин 10-майга чейин узартуу боюнча президенттин Жарлыгы чыккан.

Бирок үч этап менен ишканалар, тейлөө кызматтары акырындап иштеп баштай турганы айтылган.

«1-майдан тарта такси кызматы иштей баштайт. Бирок алар унаасын дезинфекциялап, санитардык эрежелерди сактап, унаасына экиден ашык жүргүнчүнү салбашы керек», — деди Асрандиев.

Количество просмотров: 107