• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда 1400гө жакын киши өлкө жарандыгын алды

11 Чын куран 2020 15:58 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө беш жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Үч жарлыкка ылайык, Кыргызстандын жарандыгына 1338 адам кабыл алынды (анын ичинен 1031 — чоң адамдар жана 307 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Эки жарлык менен 900 адам (анын ичинен 690 — чоң адамдар жана 210 — балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды.

Количество просмотров: 361