• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстанда 3 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды 

27 Чын куран 202010:14 Бишкек Govori.TV

27-апрелге карата Кыргызстанда 3 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев эртең мененки онлайн жыйында билдирди.

Анын айтымында, муну менен COVID-19 вирусун жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 183 адамга жетти.

Жаңы катталган медицина кызматкерлери:

— Ош шаарында – 1;

— Бишкек шаарында – 2.

Количество просмотров: 122