• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Кыргызстанда 30 млрд сом билим берүү тармагына жумшалат

26 Тогуздун айы 2018 13:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.10.2018.Govori.TV.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бюджеттин 18 пайызы билим берүү тармагына жумшалып жатканын, мындай көрүнүш башка мамлекетте жок экенин айтты. Мындай маалыматты ал Баткенге болгон иш сапарында билдирди. Анда мамлекеттин бюджети 150 млрд сомдун тегерегинде болсо, анын 30 млрд сому билим берүү тармагына жумшалганын айтты.

Бул каражат бала бакча жана мектептерди курууга, мугалимдердин айлыгын төлөөгө жана башка окуу тармагындагы маселелерге сарпталат.

“Азыр балдардын билим алуусуна шарт түзсөк, кийинки муунубуз  билимдүү, көп тилде сүйлөгөн, достукту бийик туткан, биз сыймыктанчу болуп жетилерине ишенимибиз чоң”, деп белгиледи премьер-министр.
Былтыр билим берүү тармагында 90дон ашуун объект бүткөн. Мунун алкагында үстүбүздөгү жылы 150 объектти куруп бүтүрүү пландалып жатат.
Количество просмотров: 27