• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда 8-июндан баштап ички каттамдар жанданат

29 Бугу 2020 13:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 8-июндан баштап ички каттамдар жанданат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, каттамдар атайын тартиптин негизинде иштейт.

«Жүргүнчүлөрдүн ортосундагы аралыкты сактоо менен авиакомпаниялар өз иштерин жүргүзүүсү зарыл. Саламаттык сактоо минстрлиги тарабынан да көрсөтмөлөр берилет. Анын негизинде авиакомпаниялар өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Коронавирус инфекциясы тез тарай турган жер жүргүнчү ташыган коомдук транспорттор эсептелинет. Анын ичинде авиакаттамдар. Учакта да ошондой маселе жаралышы мүмкүн. Андыктан, тартиптерди так сактоо менен иштеш керек. Экономикалык тармактарды ишке киргизүү менен оорунун жугузуу коркунучу жогору болгонун түшүнүп жатабыз. Экономикалык тармакты токтотуп койсок, көптөгөн жарандар жумушсуз калганына күбө болдук», — дейт ал.

Количество просмотров: 84