• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстанда 84 миң баланын ата-энеси мигрант болуп сыртта жүрөт

27 Баш оона 2021 9:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 84 миң баланын ата-энеси мигрант болуп сыртта жүрөт, эң жакын адамдары жанында жок болгонуктан алар түрдүү зомбулукка кабылууда. Бул тууралуу 26-августта Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова мигранттарга жардам берүү жана дайынсыз жоголгондорду издөө маселеси боюнча жыйын өткөрүп, ага онлайн байланыш аркылуу диаспоралардын өкүлдөрү катышты.

Эмгек мигранттарынын укугун коргоо менен катар алардын балдары боюнча да маселе көтөрүлдү. Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны чет мамлекеттерде жүрөрү бейрасмий айтылып келет, алардын көбү Орусияда.

Количество просмотров: 108