Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Экинчи дүйнөлүк согуштун 75 жылдыгына жана Апрель окуясынын 10 жылдыгына карата түрмөдө жаткандарга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун сунушташты.
Ага ылайык, 60 жаштан ашкан эркектерге, 55 жаштан ашкан аялдарга, I жана II топтогу майыптарга, 18 жашка чыга элек экиден кем эмес балдары же I, II топтогу майып балдары бар адамдарга мунапыс жарыялоо жана коркунучу азыраак кылмыштарды биринчи жолу жасагандарды абактан бошотуу каралган.
«Кыргызстанда 9 500дөн ашык соттолгон адам бар. Баш-аягы 1202 киши абактан бошойт», — деди мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Мирлан Бакиров.
Түрмөдөгүлөргө мунапыс берчү мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.