• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жеке бюролорду жабуу сунушталууда

16 Чын куран 2020 11:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жеке бюролорду жабуу сунушталууда. Жогорку Кеңеште бул тууралуу иштелип чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Анда Улуттук банктын лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу субъекттеринин тизмесинен акча алмаштыруу жайларын алып салуу жана накталай чет өлкөлүк валюта менен алмаштыруу операцияларын жүзөгө ашыруу укугун кредиттик уюмдарга (мындай операцияларга тийиштүү лицензиялары бар банктарга, кредиттик союздарга, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга) калтыруу зарылдыгы айтылат.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде бул жайлар дүйнөдөгү экономикалык кризистен жана коронавирустун жайылышынан улам түзүлгөн абалдан пайдаланып, доллардын курсун негизсиз аныктап, жасалма чыңалууну жана валютанын кымбатташын шарттаганы айтылат.

Ошону менен катар Улуттук банк өзүнүн көзөмөлдөө ыйгарым укуктарынын алкагында 2019-жыл үчүн жана 2020-жылдын башында 15 бюронун лицензиясын кайтарып алганы, 129 бюронун лицензиясынын жарамдуулугун токтоткону, ошондой эле 15 эскертүү жана 220 жазма эскертүү жөнөткөнү белгиленди.

Мыйзам долбоору «Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарына жана Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» деп аталат.

Сунуштун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева, Алиярбек Абжалиев, Салайдин Айдаров, Искандер Гайпкулов, Пархат Тулендыбаев, Айнура Осмонова жана Экмат Байбакпаев.

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясын алып иштеп жаткан 450 акча алмаштыруу жай бар.

Кыргызстанда акыркы үч жылдан бери 69 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар март айында кымбаттай баштаган. Алгач 10-мартта үч сомго кымбаттаса, 20-мартта 85 сомго жетип, кайра арзандаган.

Мындай көрүнүштү Улуттук банк дүйнөдө жана өнөктөш мамлекеттерде каржы рыногунда болуп жаткан олку-солкулукка байланыштырган.

Количество просмотров: 281