• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанда арактын баасы кымбаттады

24 Үчтүн айы 2020 17:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда өндүрүлгөн 0,5 литр арактын баасы быйыл 103 сом болду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Өкмөттүн токтомуна ылайык Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн аракка болгон минималдык баалар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленген:

— 0,5 литр даяр продукцияны дүң сатуу 2020-жылы 103 сомду түзөт (мурун бул сумма 81 сом болгон),

2021-жылы – 114 сомду,  2022-жылы – 125 сомду жана 2023-жылы – 136 сомду түзөт.

— 0,5 литр даяр продукцияны чекене сатуу 2020-жылы – 112 сом (мурун бул сумма 90 сом болгон), 2021-жылы – 123 сом, 2022-жылы-134 сом, 2023-жылдан баштап — 145 сомду түзөт.

Количество просмотров: 281