• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Кыргызстанда азырынча туруктуу эл аралык аба каттамдар жанданбайт

3 Баш оона 2020 18:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда эл аралык авиакаттамдар август айынын аягына чейин толук ишке ашпайт. .Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, азырынча Россия, Казакстан жана Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстан менен болгон үзгүлтүксүз аба каттамын калыбына келтирүү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу үзгүлтүксүз каттамдарга макул болгон жок. Бирок чартердик каттамдар көбөйтүлөт.

«Эл аралык аба каттамдары август айы ичинде толук ишке ашпайт.Түркия менен да чартердик каттамдар көбөйтүлүп, аны Turkish Airlines, Pegasus жана Avia Traffic компаниялары жүргүзөт. Ал эми Бириккен Арап Эмираттарынан Air Arabia жана Fly Dubai компаниялары аркылуу жумасына эки жолу чартердик каттам аткарылат»,-деди ал.

Эске салсак, Кыргызстан эл аралык туруктуу авиакаттамдарды март айында коронавирус эпидемиясына байланыштуу убактылуу токтоткон.

Количество просмотров: 187