• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстанда БАЭнин элчилигин ачуу пландалууда

2 Бирдин айы 2022 13:46 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 1-февралда КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси (Ташкенттеги резиденциясы менен) Саид Матар Аль-Кемзи менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Малыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-эмират кызматташтыгынын күн тартибинде турган маселелер талкууланды.

Атап айтканда, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар менен алмашуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, укуктук-келишимдик базаны кеңейтүү, Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда үзгүлтүксүз саясий консультацияларды уюштуруу, өкмөттөр аралык кыргыз-эмират биргелешкен комиссиясынын жыйынын өткөрүү маселелери талкууланды.

Министрдин орун басары Артыкбаев БАЭ өкмөтүнүн Кыргыз Республикасында өзүнүн элчилигин ачуу ниетин кубаттап, КР Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Туризмди өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасына инвестиция тартуу максатында чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу климатты түзүү жана кепилдиктерди берүү, Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда иштеп жаткан түз авиакаттамдарды натыйжалуу колдонуу маселелери көтөрүлдү.

Өз кезегинде, Бириккен Араб Эмираттарынын элчиси Аль-Камзи кыргыз-эмират эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн ырааттуу жана биргелешкен аракеттерди көрүүнү, ошондой эле тыгыз жана жумуштагы байланыштарды күчөтүүгө макулдашты.

Количество просмотров: 66