Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан 38 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Республика боюнча жалпы 254 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.