Кыргызстанда бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 3, Чүй облусунда 4, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2 өрт катталып, аны өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.
Алсак, Жалал-Абад шаарынын Достук кичи районунун Эргашалиев көчөсү, №59 дарегинде жайгашкан жыгач устундуу тыныке менен жабылган 2 кабаттуу сарайдын чатыры, мончонун 72 чарчы метри чатыры жана 50 түк чөп күйгөн. Өрт Р.Абдыкадыров көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан турак үйгө өтүп, аянты 88 чарчы метр турак үй толугу менен, 45 чарчы метр времянка, гараж, бастырма, үй тиричилик буюмдары жана 200 түк чөп, жана Эргешалиев көчөсү №61 дарегинде жайгашкан 2 кабаттуу сарайдын 45 чарчы метр чатыры жана теректер күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Ош шаарындагы Курманжан-Датка көчөсүндөгү “Домашний кондитер” шириндик саткан дүкөндүн ичинде 2 чарчы метр дубалы жана электр эсептегчи күйгөн. Өрттүн себеби: электр эсептегичтин кыска туташуусу.