• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргызстанда быйыл автоунаа чыгарган завод ишке кириши мүмкүн

19 Үчтүн айы 2023 14:26 Бишкек Govori.TV

Автоунаа чыгаруу боюнча биргелешкен кыргыз-өзбек заводунун быйыл ишке кириши пландалууда. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн жыйында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, былтыркы жылдан бери аталган багытта тиешелүү иштери жүргүзүлүп жатат.

«Салык жана бажы алымдарына байланыштуу айрым көйгөйлөр болду. Анткени Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө, ал эми Өзбекстан мүчө эмес. Бирок биз бир пикирге келе алдык. Бүгүнкү күндө бардык документ иштери аяктап калды. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга күтүлүп жаткан мамлекеттик визитинин алкагында жыйынтыктоочу документке кол коюу күтүлүүдө. Ишкана түптөлгөндөн кийин бир жылдын ичинде өндүрүштү ишке киргизүү пландалууда», — деди Кулубаев.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан автоунаа чыгарган биргелешкен завод курууну пландап жаткандыгы кабарланган. Завод Чүй облусунун аймагына курулат. Ал жерде автоунаанын 19 түрү чыгарылмакчы. Кыргыз тараптан өндүрүшкө эки компания «Нур» ААКсы жана «ДТ Техник» ЖЧКсы, өзбек тараптан «Узавтосаноат» мамлекеттик ишканасы катышат.

Количество просмотров: 52