• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Чек арадагы бекетте массалык мушташ болгон. УКМК билдирүү таратты

25 Тогуздун айы 2023 12:00 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитети Жалал-Абад облусундагы Сузак районундагы, кыргыз-өзбек чек арасындагы «Бек-Абад» өткөрмө бекетинин жанында кармоо учурунда каршылык көрсөткөндөр кармалганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 23-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу «Бек-Абад» текшерип өткөрүү пунктунун жанында мыйзамсыз акча алмаштыруу менен алектенген адамдар тобунун ортосунда массалык мушташ болгон.

«Ошол эле учурда конфликтте улуттар аралык мүнөздөгү белгилер болгон. Окуя болгон жерге УКМКнын кызматкерлери келип видеого тартып алышкан, бирок жаңжалдын айрым катышуучулары агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, чагымчыл аракеттерге барып, чек арачыларды коркутуп-үркүтүшкөн. УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы улуттар аралык чыр-чатактын чыгышына жол бербөө жана аны уюштуруучулардын кылмыштуу аракеттерин документтештирүү максатында алардын тергөө органына келишин камсыз кылуу чаралары көрүлгөн.

Бирок, 1971-ж.т. И.Д.Э. аттуу жаран тергөө органына келүүдөн баш тарткан. Кийинки күнү 24-октябрда И.Д.Э. аттуу жаранды алып келүү учурунда анын үй-бүлө мүчөлөрү активдүү каршылык көрсөтүшүп, УКМКнын кызматкерлеринин денесине залал келтиришип, шектүүнү алып кетүүгө аракет кылышып, кызматтык унааларга таш ыргытышкан», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү» боюнча И.Д.Э. жана И.Э.Д. аттуу жарандар УКМКнын Жалал-Абад башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК мүмкүн болгон улуттар аралык чыр-чатактын уюштуруучуларына жана активдүү катышуучуларына мыйзамдардын чегинде эң катаал чаралар көрүлөрүн эскертет.

Количество просмотров: 488