• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирустан айыкты

8 Бугу 202010:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирустан айыкты. Алар ооруканадан чыгарылганын бүгүн, 8-майда эртең мененки онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы айыккан бейтаптар:

  • Бишкек шаарында 6 адам;
  • Нарын облусунда 1;
  • Ош шаары 6 адам.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 650 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Количество просмотров: 64