• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргызстанда дагы 17 бейтап коронавирустан айыкты

13 Бугу 2020 10:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 17 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 10, Баткен облусунан — 4, Нарын облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 726 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.

Ал кошумчалагандай, коронавируска чалдыккандардын дээрлик 70 пайызы айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 7 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1042 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болгон.

Количество просмотров: 57